«Жалалабатэлектро» ишканасында жетекчи алмашты

20 сентября 2021, 12:30

Директорлор кеңешинин чечими менен Азамат Паизов "Жалалабатэлектро" ААКнын башкы директору болуп дайындалды. Буга чейин ал компаниянын ишенимдүүлүк жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Бул тууралуу акционердик коомдун басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, буга чейинки директор Дурусбек Рахманов "Жалал-Абад облустук электр тармактары" ишканасынын башчысы болуп дайындалды.

Улуттук энергетикалык холдингдин башкармалыгынын төрагасынын орун басары Замирбек Ходжомамбетов ачык акционердик коомдун жамаатына жаңы жетекчини тааныштырды.

Азамат Паизов 1996-жылы Ош технологиялык университетин инженер-электрик адистиги боюнча бүтүрүп, "Жалал-Абад толкун электр станциясында" ишенимдүүлүк жана коопсуздук техникасы кызматынын инженер-инспектору болуп иштеген. "Жалалабатэлектро" ААКда 2003-жылдан бери бир катар кызматтарды аркалап келген.

"Жалалабатэлектро" облустагы 242 миңден ашуун абоненттерди тейлейт. ААКда 1 миң 489 адам эмгектенет.