«Жалалабатэлектро» ишканасына жаңы директор дайындалды

19 июля 2022, 10:42

Нурлан Сатыбалдиев “Жалалабатэлектро” ААКнын башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

Дайындоо тууралуу чечим директорлор кеңешинин жыйынында кабыл алынды.

Белгилеп кетсек, учурда “Жалалабатэлектро” баш болгон бөлүштүрүүчү компанияларды “Электр станциялары” ААКсына кошуу процесси жүрүп жатат.