Башкы прокуратура Тенгиз Бөлтүрүктү кармады

13 сентября 2022, 20:40

Башкы прокуратура “Кумтөр Голд Компанинин” мурдагы тышкы менеджерин кармады. Бул тууралуу маалыматты “Акчабарга” Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы тастыктады.

Белгилеп кетсек, буга чейин Башкы прокуратура компаниянын ишмердүүлүгүн текшерүүнүн жыйынтыгында үч кылмыш иши козголгонун билдирген. Алар компаниядагы коррупцияга байланыштуу. Алдын ала эсептөө боюнча мамлекетке 1 миллиард сомго жакын зыян келтирилген.

“Тенгиз Бөлтүрүк аскер прокуратурасы тарабынан мурда жарыяланган кылмыш иштери боюнча кармалды”, — деп түшүндүрдү Башкы прокуратура.

Эске салсак, Тенгиз Бөлтүрүк 2020-жылдын май айында “Кумтөр Голд Компанинин” тышкы менеджери болуп дайындалган. Ушул жылдын 23-августунда Министрлер кабинетинин буйругу менен ал жана ишкананын каржы директору Рысбек Токтогулов ээлеген кызматынан бошотулган.

Кошумчаласак, ушул жуманын аягында өкмөт Тенгиз Бөлтүрүктүн тышкы менеджер катары ишмердүүлүгү тууралуу отчетун угушу керек болчу.