Башкы прокуратура 3,6 млн сомдук жер тилкесин мамлекеттин балансына кайтарып берди

1 июня 2021, 09:00

Жеке менчикке берилген 3 миллион 660,9 миң сомдук жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Прокурордук текшерүү учурунда Ош шаарынын мэриясы тарабынан А.С. аттуу жаранга Курманжан Датка көчөсүндөгү ОшМУга таандык жалпы аянты 154 чарчы метр жер тилкесин мыйзамсыз берүү боюнча токтом кабыл алынгандыгы аныкталды.

Учурда жер тилкеси мэриянын балансына кабыл алынды.