Башкы прокуратура Бирдиктүү депозиттик эсепке 31.2 млн сом которду
Башкы прокуратура Бирдиктүү депозит эсебине 31.2 млн сом которду. Бул тууралуу прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.
Башкы прокуратурадан которулган каражаттын жалпы суммасы 628.3 млн. сомду түзөт. Каржы полициясынан - 807 млн сом, УКМКдан - 303 млн сом которулган.
Эске салсак, Бирдиктүү депозит эсепке коррупциялык кылмыштардан кайтарылган каражаттар которулат.