Башкы прокуратура Ички аскерлердин акчасын уурдоо фактыларын аныктады

10 ноября 2022, 10:00

Аскер прокуратурасы Ички иштер министрлигинин Ички аскерлерин текшерүүдө атайын тактикалык машыгууну даярдоого жана өткөрүүгө бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды уурдоо фактыларын аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. 

Ушул жылдын июнь айында Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин жооптуу кызматкерлери машыгууга товарларды сатып алууда жасалма документтерди толтуруу жана ашыкча бааны көрсөтүү жолу менен техникалык спецификацияда көрсөтүлгөн талаптарга жооп бербеген товардык-материалдык баалуулуктарды сатып алганын аныктаган.  Анын кесепетинен мамлекетке 1 миллион сомдон ашык зыян келтирилген. 

Бул факты боюнча Аскер прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 210-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун 4-бөлүгүнүн 2-пункту (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу жана ысырап кылуу) жана 346-беренесинин 1-бөлүгү (Кызматтык жасалмачылык) менен кылмыш ишин козгоду.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.