Башкы прокуратура: Бирдиктүү депозитке 11 млн сом түштү

20 марта 2019, 13:00

Мамлекетке келтирилген экономикалык жана кызматтык кылмыштуулуктан улам, 11 млн сом  казынанын пайдасына өндүрүлдү. Бул тууралуу   Кыргызстандын Башкы прокуратурасы билдирди.

Экономикалык жана кызматтык кылмыштуулуктан улам мамлекетке келтирилген чыгымдарды бир жерге топтоо максатында Бирдиктүү депозит эсеби ачылган. Учурда бул эсепке 11 млн 106 миң 840 сом чогулду.

«Бирдиктүү депозиттин эсебине которулган акчанын жалпы суммасы 20-мартка  карата 368 млн 764 миң 578 сом болду. бул багытта иштер уланууда» – деп билдирди Башкы  прокуратурада.