Германия Кыргызстанга 4,5 млн евро берет

28 декабря 2023, 09:45

Германия Кыргызстанга 4,5 миллион евро берет. Каражат “Саламаттык сактоо инфраструктурасын жыйынтыктоочу каржылоо” долбооруна багытталат.

Программанын алкагында азыркы жана келечекте пландалган инфраструктуралык долбоорлорду аягына чыгаруу каралат. Анын ичинде Бишкек, Ош жана Таластагы перинаталдык борборлор, ордо калаанын кургак учукка каршы ооруканасы бар.

Жогорку Кеңеш тиешелүү мыйзам долбоорду үчүнчү окууда жактырды.