Германия өнүктүрүү банкы 30 жылда Кыргызстанга 300 млн евро берген

24 февраля 2023, 13:50

Германия өнүктүрүү банкы 30 жылда Кыргызстанга 298 миллион евродон ашык инвестиция салган. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бишкектеги кургак учукка каршы жаңы оорукананын ачылышында билдирди.

Анын айтымында, Германия өнүктүрүү банкы Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жатат жана ар дайым түрдүү тармактардагы инвестициялык долбоорлорго колдоо көрсөтүп келет.

Эске салсак, кургак учукка каршы оорукананын курулушу 2021-жылдын март айында башталган. Долбоор Германия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланат, тапшырыкчы Саламаттык сактоо министрлиги. Долбоордун сметалык баасы болжол менен 6,5 миллион еврону түзөт.