Германия Кыргызстандан 125,8 тонна баалуу металл сыныктарын сатып алган

8 марта 2024, 16:14

2023-жылы Кыргызстан чет өлкөгө 126,3 тонна таштанды жана баалуу металл сыныктарын саткан. Бул республикага 592,7 миң доллар алып келген. 

Маалыматка ылайык, негизги сатып алуучу Германия болгон, ал 125,8 тоннаны же жалпы сунуштун 99,6%ын сатып алган. Ошол эле учурда, нарк боюнча бул өлкөгө сыныктардын экспорту 40%дан азды (231,6 миң доллар) түзгөн.

Ошондой эле, Орусия да бизден баалуу металл сыныктарын сатып алган. Кызыгы, ал 0,5 тонна үчүн 361,1 миң долларды төлөп берген. Башкача айтканда, сыныктардын көлөмү 250 эсеге аз, Орусия 1,6 эсе көп төлөгөн.