Германия Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагына 4,5 млн евро бөлөт

27 декабря 2023, 13:14

Германия Кыргызстанга “Саламаттыкты сактоонун инфраструктурасын жыйынтыктоочу каржылоо” долбоорун ишке ашыруу үчүн 4,5 млн евро бөлөт. Жогорку Кеңеш тиешелүү макулдашууну үчүнчү окууда жактырды.

Долбоор “Ден соолук” приоритеттүү программасында учурдагы жана пландаштырылган инфраструктуралык долбоорлорду аяктоо үчүн пландалууда. Тактап айтканда “Эне жана баланын саламаттыгы” компоненттери, V-IX фазалары (Бишкек перинаталдык борбору, Ош шаарынын перинаталдык борбору, Талас перинаталдык борбору), ошондой эле кургак учук (ФС) V фазасы менен күрөшүүгө (Бишкек шаарынын кургак учукка каршы ооруканасы) жумшалат. 

Кошумчалай кетсек, каржылык кызматташтык долбоорлорун Германиянын өнүктүрүү банкы (KfW) ишке ашырат.