Кыргызстандагы инвесторлордун ичинен Германия 13-орунду ээлейт
2018 – жылдын жыйынтыгы менен чет элдик инвесторлордун арасынан Германия Беларусияда 6-орунда, Россия жана Арменияда 8-орунда, Казакстан жана Кыргызстанда 13-орунда турат. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиянын министри Вероника Никишина Нур-Султан шаарында өткөн III Эл аралык немис бизнес конференциясында билдирди.
Никишина Евразия экономикалык союз Германия менен мындан аркы өз ара соода жүгүртүүсү өнүгөөрүнө ишеними чоң экенин билдирди. 2018 – жылы Германия тышкы соода жүгүртүү боюнча беш евразия мамлекеттеринин ичинен 65.5 млрд жана 8.7% айлануу менен Кытайдан кийинки лидер болгондугун билдирди.
«2019 – жылдын биринчи сегиз айында товарайлануу өткөн жылга салыштырмалуу 12.5% түшүп жатканын байкоого болот. ЕАЭС мамлекеттеринин экспорту 16.8%, импорт – 7.4% азайган. Минералдык өндүрүмдөр – 18.4%, металл товарларынын экспорту – 24.4%, унаа жана жабдыктар – 1%, өндүрүлгөн химиялык товарлар – 8%, жб. Товарлар – 15% кыскарды», – деп билдирди ЕЭК.