Германияда квалификациялуу адистер жетишсиз — элчи Габриэла Геллил

29 ноября 2023, 13:15

Германияда квалификациялуу кадрлардын жетишсиздиги курч. Буга калктын карылыгы себеп болууда. Бул тууралуу бүгүн Бишкектеги бош орундардын жарманкесинде Германиянын Кыргызстандагы элчиси Габриэла Геллил билдирди.

Германия Кыргызстандын талапкерлерин карап чыгып, жумуш сунуштоого даяр.

“Биз Кыргызстандын өкмөтү менен көп жылдан бери кызматташып келебиз жана бул багытты колдойбуз. Жарманке потенциалдуу иш берүүчүлөр менен таанышууга, жаңы байланыштарды табууга жана кандай кесиптер суроо-талапка ээ экенин билүүгө эң сонун мүмкүнчүлүк берет”, - деди Германиянын Кыргызстандагы элчиси.

Ошондой эле, ал жумуш издөөчүлөргө бул мүмкүнчүлүктү колдонууга кеңеш берди.