Кепилдик фонду чакан жана орто бизнести колдоо боюнча дагы бир рекордго жетти
Быйылкы жылы Кепилдик фонду чакан жана орто бизнести колдоо боюнча өз ишмердүүлүгүндө дагы бир рекорддук көрсөткүчкө жетти. Бул тууралуу фонддун сайтында маалымдалды.
Уюмдун маалыматы боюнча, Кепилдик фонд 2020-жылы республикадагы чакан жана орто бизнести колдоого 799,1 миллион сом суммасында кепилдик берип, жалпысынан дээрлик 3 миллиард сомдук кредиттерди камсыздаган.
"2021-жылдын 30-ноябрына карата "Кепилдик фонду" ААК өлкөдөгү чакан жана орто бизнеске колдоо көрсөтүп, рекорддук сандагы кепилдиктерди 1 миллиард 37 миллион сомго 665 кепилдикти берди. Өнөктөш банктар "Кепилдик фонд" ААКнын кепилдиги менен ишкерлерге 3 миллиард 564 миллион сом өлчөмүндө насыя беришти", — деп айтылат маалыматта.
Буга чейинки рекорд 2019-жылы болгон, анда “Кепилдик фонду” ААК 780 миллион сом өлчөмүндө кепилдик берген, анын аркасында ишкерлер 2,5 миллиард сомдон ашык суммадагы кредиттик каражаттарды алууга мүмкүнчүлүк алышкан.