Кепилдик фонду уставды бузуп ири ишканаларга 822,3 млн сом берген

16 июля 2023, 05:00

Кепилдик фонду тарабынан уставды бузуу менен ири ишканаларга 822,3 миллион сомдук камсыздоо берилген. Бул тууралуу Эсеп палатасынын текшерүүсү учурунда белгилүү болду.

Аудит көрсөткөндөй, 2019-2020-жылдар аралыгында Кепилдик фонду тарабынан "Күрөө жөнүндө" мыйзам да бузулуп, Мамлекеттик мүлк фондунун жана Улуттук банктын өкүлдөрү болгон менчик ээлеринин макулдугусуз фонд кредиттерди алуу жана күрөөлүк камсыздоо боюнча келишимдерди түзгөн.

Аныкталган мыйзам бузуулардын суммасы 1,1 миллиард сомго бааланууда. Анын 822,3 млн сому ири бизнеске берилген камсыздоо болуп, Кепилдик фондунун уставын бузган.