Кепилдик фонду Таластагы төө буурчакты кайра иштеткен ишканага каражат берүүнү кароодо

8 октября 2021, 14:14

"Кепилдик фонду" ААК башкармалыгынын төрагасынын орун басары Эрик Таласбаев жана Региондор менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Камчыбек Аалиев Талас облусуна иш сапары менен барышты.

Сапардын алкагында 4-октябрдан 6-октябрга чейин алар өнөктөш банктардын сегиз филиалынын жетекчилери жана Талас облусунун ишкерлери менен бир катар жолугушууларды өткөрүштү.

Ага аймактагы 15 бизнес өкүлдөрү катышты, анын жүрүшүндө Эрик Таласбаев менен Камчыбек Аалиев фонддун ишмердүүлүгү, көрсөтүлүп жаткан кызматтар жана кепилдиктерди алуу механизмдери тууралуу айтып беришти. Бизнес өкүлдөрү бир катар актуалдуу маселелерди талкуулап, толук маалымат алышты.

Жумушчу сапардын соңунда Эрик Таласбаев менен Камчыбек Аалиев 15 жылдан бери иштеп жаткан төө буурчакты кайра иштетүүчү ишканага барышты. Анын максаты - ишкананын ишмердүүлүгүн жана насыя алуу үчүн фонддун кепилдиктерин берүү мүмкүнчүлүгүн баалоо болду.