ААК «Гарантиялык фонду» 1.6 млрд сомго кепилдик берген
2019-жылдын 31-декабрына карата ААК «Гарантиялык фонд» 1 млрд 675 млн сомго 1 миң 602 кепилдик берген. Бул тууралуу ААК «Гарантиялык фонддун» официалдуу сайтында маалымдалат.
Банк-өнөктөштөр тарабынан алынган насыялардын көлөмү 5 млрд 647 млн сомду түздү.
2019-жылдын башында 920.7 млн сомго 946 кепилдик берилген. Муну менен катар банктардан алынган насыялардын суммасы 2 млрд 895 млн сомду түзгөн. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан алынган 100 млн сом насыя ийгиликтүү түрдө ишке ашырылган. Бул насыя линиясы аркылуу 100.5 млн сомго (101%) 28 кепилдик берилген.