Гарантиялык фонд ишкерлерге 1 млрд.283 млн. сомго кепилдик берди

19 сентября 2019, 13:50

2019 – жылдын 17 – сентябрында ААК  “Гарантиялык фонд”  1 млрд. 283 млн. сомго  кепилдик берди. Банк-өнөктөштөр бекиткен насыянын көлөмү 4.3 млрд. сомду түзгөн. Бул тууралуу фондтун басма сөз кызматы билдирет. 

Гарантиялык фонд 271 ишкер айымга 334 млн. сомго кепилдик берген. 

Экспортко багытталган 67 долбоорго 258 млн. сомго кепилдик берилди.  Майда ишканаларга 756 (81%) кепилдик, кичи ишканаларга – 116 (12%), орто ишканаларга – 53 (6%), чоң ишканаларга 15 (1%) кепилдик берилди.