МИК жаңы «Ак Конуш» программасын ишке киргизет

23 декабря 2019, 10:40

ААК «Мамлекеттик ипотекалык компания» алгачкы  «2015-2020-ж. жеткиликтүү турак-жай» программасын аягына чыгарат. Кийинки жылдан тарта МИК жаңы концепцияны ишке ашырууну баштайт. Бул тууралуу «Ак Конуш» жаңы программасын тааныштыруу учурунда маалымдалды. 

Келээрки жылга МИК инвестицияларды тартууну пландоодо. Пайыздык ченди төмөндөтүү боюнча маселелер каралат. 

Алдын-ала берилген боюжомолдор боюнча компанияны каржылоо 12.5 млрд сомго жетет. Анын ичинен 10 млрд турак-жай берүүгө, 2.5 млрд - курулуш иштерине жумшалат. Сумманын 40% мамлекеттик бюджеттен жумшалат, 10% ипотекалык кагаздардан түшөт, калган жарым сумманы инвестор жана донорлор бөлөт. 

Андан сырткары, турак-жайдын 1 кв метрин 40 миң сомдон 60 миң сомго көтөрүү сунушталууда.