МИК биржада акцияларын дээрлик бир млрд сомго сатты

7 декабря 2022, 16:55

Бүгүн, 7-декабрда Кыргыз фондулук биржасынын системасында “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКнын жөнөкөй акциялары менен ири бүтүм катталды.

Келишим фондулук биржанын биринчи рыногунда түзүлдү. Бардыгы болуп 10 миң жөнөкөй акция бир колго 100 миң сомдон сатылган. Жыйынтыгында бүтүмдүн жалпы суммасы 1 млрд сомду түздү.

Эске сала кетсек, буга чейин 21-октябрда Мамлекеттик ипотекалык компания биржада дээрлик 1,5 миллиард сомго акцияларын сатса, биржада баалуу кагаздарды сатуудан түшкөн каражатты Мамлекеттик ипотекалык компанияны капиталдаштырууга жумшоо пландалган.