Кыргызстанда «Социалдык ипотека» жаңы багыты киргизилет

18 апреля 2023, 13:35

Кыргызстанда “Социалдык ипотека” жаңы багыты киргизилип жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жылдык үстөгү 4 пайыздык ипотекалык кредитти бир гана бюджеттик тармактагы адамдар эмес, жеке сектордо иштегендер дагы ала алат.

Беш же андан көп балалуу үй-бүлөлөр, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар же майып адамды баккандар, толук эмес үй-бүлөлөр, айылда иштеген жаш адистер ипотекалык кредитке кезекке турса болот.

Турак-жай банктардын катышуусу жок, ижарага алып, андан ары сатып алуу шарты менен берилет.