Мамлекеттик ипотекалык компаниядан жылына 14% менен турак-жай алса болот

18 декабря 2019, 17:20

Мамлекеттик ипотекалык компания Ош жана Бишкек шаарынын  бюджеттик кызматкерлери үчүн жеңилдетүү насыянын тизмегин жаңылады. Жеңилдетилген шарттагы ипотеканын үстөмдүк пайызы жылына 14% түзөт. Бул тууралуу МИК басма сөз кызматы билдирет. 

Орундун саны чектелүү, ошон үчүн компания каалоочуларды документтерин тез арада чогултуу керек экендигин билдирет. «Жеткиликтүү турак-жай 2015-2020» программасына арыз мэрияда жана  шаарлардын райондук админстрациясында кабыл алынат. 

Керектүү документтерди төмөнкү шилтеме аркылуу билсе болот.