МИК Бишкектеги 9 кабаттуу үйдү колдонууга берди

30 декабря 2019, 14:15

Бюджет тармагында иштеген 135 кызматкер жаны турак-жайга киргизилди. ААК «Мамлекеттик ипотекалык компания» Бишкектеги жаңы курулуп бүткөн үйдү колдонууга берди. Батирлер «Ижарага сатып алуу» программасы аркылуу алынды. 

Заманбап инфраструктура менен «Тунгуч» кичи районуна 9 кабаттуу үй салынган. Ал үйлөрдү, МИК «Жеткиликтүү турак-жай 2015-2020» долбоорунун алкагында жарандар, жылына 6 пайыздык үстөк менен, баштапкы төлөмсүз менен алышты. 

Кийинки жылдан тарта  «Ак Конуш» программасы ишке ашырылат. Алдын ала берилген маалыматтарга ылайык, 12.5 млрд сомго каржылоо жүргүзүлөт. Анын ичинен 10 млрд сом турак-жай берүүгө, 2.5 млрд - курулуш тармагына бөлүнөт. Жалпы бөлүнгөн каражаттын 40 % республикалык бюджеттен, 10% ипотекалык кагаздардан, калган каражаттарды инвесторлор жана донорлор тарабынан бөлүнөт.