МИК эки турак жайды колдонууга берет

17 декабря 2019, 14:30

ААК «Мамлекеттик ипотекалык компания» декабрь айынан тарта Бишкек жана Нарын шаарындагы эки турак жайды колдонууга берет. Турак жайлар кийин сатып алуу шарты менен,  ижара түрүндө берилди. Бул тууралуу МИК жетекчиси Элмира Абжапарова билдирди.

Ипотекага батирлерди 15 жылдык мөөнөт менен, баштапкы төлөмсүз жылына  6 пайыздык чен менен алса болот. % кабаттуу үйдө, 30 бир бөлмөлүү жана 30 эки бөлмөлүү батирлер бар. Бир бөлмөлүү батирдин жалпы аянты 37.1 кв метрди түзөт, эки бөлмөлүү батир 50.9 кв. метрди түзөт жана керектүү жабдыктар менен камтылган. 

Бир бөлмөлүү батир ипотекага  ай сайын - 12.5 миң сомдон, эки бөлмөлүү батир  - 17.1 миң сомдон болот.