Социалдык турак-жайды «Фаворит Строй Групп» курулуш компаниясы курат

16 декабря 2022, 10:42

"Керемет банк" өлкөнүн эмгек базарында иштеп жаткан курулуш компаниялар арасында аккредитация өткөрдү. Аккредитациянын жыйынтыгы боюнча “Фаворит Строй Групп” курулуш компаниясы тандалды. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын басма сөз кызматы билдирди. 

“Фаворит Строй Групп” курулуш компаниясы Бишкек шаарындагы, Анкара көчөсү, 44 дарегинде жайгашкан “Түндүк” турак-жай комплексинде 108-сериядагы 55 батирди курууну пландоодо. 

“Курулуп жаткан турак жай насыясын  “Жеткиликтүү ипотека” багыты боюнча турак-жай программасынын катышуучулары ала алышат. Насыя жылдык 8% менен 25 жылга чейин берилет. Турак жайдын баштапкы төлөмү 20%дан кем болбошу шарт, - деп билдирди Мамлекеттик ипотекалык компания. 

Көбүрөөк маалымат алуу үчүн “Жеткиликтүү ипотека” багыты боюнча артыкчылыктуу тизмеде турган турак жай программасынын катышуучулары “Керемет Банк” ААКсына кайрылса болот.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 30-апрелинде “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК менен “Керемет Банк” мамлекеттик турак-жай программаларын ишке ашыруу боюнча келишимге кол коюшкан.