Мамлекеттик ипотекалык компания Орто-Сай айылындагы үйдү аукционго койду

8 февраля 2023, 11:27

“Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК эки кабаттуу турак жайды аукционго койду. Бул тууралуу компаниянын сайтында маалымдалды.

Үйдүн жалпы аянты 364,5 чарчы метрди түзөт. Турак жай "Сары-Өзөн" шаарчасында 3-линияда жайгашкан.

Баштапкы баасы 68 миллион 755 миң сом. Кошумчалай кетсек, катышуу үчүн аукцион башталганга чейин да 20 000 сом кепилдик төлөмдү киргизүү зарыл.

Аукцион 2023-жылдын 7-мартында өтөт, арыздарды кабыл алуу бир күн мурун саат 16:00дө аяктайт.