Мамлекеттик ипотекалык компания 15 млн сомго батирлерди аукционго коёт
Мамлекеттик ипотекалык компания кыймылсыз мүлктү сатуу боюнча ачык аукциондорду жарыялайт. Бул тууралуу мекеменин сайтында айтылат.
Аукционго жалпысынан эки лот коюлат:
- Ахунбаев көчөсүндөгү батир, 190/2 үй, №55 батир, жалпы аянты 112,2 чарчы метр, анын 76 чарчы метри турак жай (баштапкы баасы 7,9 млн сом)
- Байтик Баатыр көчөсүндөгү батир, 7 “б” корпусу, №59 батир, жалпы аянты 93,7 чарчы метр, анын 60,5 чарчы метри турак жай (баштапкы баасы 7,04 млн сом)
Аукционго катышуу үчүн 5 миң сом кепилдик төлөмдү төлөө жана аукцион башталганга чейин катышуучу тандаган лот боюнча 2022-жылдын 21-октябрына чейин арыз берүү керек.
Ар бир лот боюнча кепилдик төлөм өзүнчө жүргүзүлөрү белгиленген.
Соода 2022-жылдын 24-октябрында саат 15:00дө Токтогул көчөсү, 228 дарегинде өтөт.