Түлеевдин батирлери аукционго коюлат

3 февраля 2023, 15:17

"Мамлекеттик ипотекалык компания" ААК кыймылсыз мүлктү сатуу боюнча ачык соода түрүндөгү аукцион жарыялады. Бул тууралуу компаниянын сайтында маалымдалды.

Аукцион 9-мартта өтөт. Ага сегиз лот коюлган. Алардын жалпы баштапкы баасы 85 миллион 200 миң 750 сомду түзөт.

Бул министрлер кабинетинин 2022-жылдын 26-февралындагы № 89-р буйругуна ылайык уставдык капиталга салым катары компанияга берилген кыймылсыз мүлк. Лоттордун арасында экс-мэр Нариман Түлеевдин өз ыктыяры менен мамлекетке өткөрүп берген үч батири бар.