Мамлекеттик ипотекалык компания баалуу кагаздардын 17-чыгарылышын каттады

10 апреля 2023, 12:13

Быйылкы жылдын 3-апрелинен 6-апрелине чейинки жума ичинде Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы лицензиялык жана уруксат берүүчү документтерди, ошондой эле баалуу кагаздардын эмиссиясын мамлекеттик каттоодон өткөрдү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Тийиштүү документтер төмөнкү юридикалык жактарга берилди:

  • ОсДО ломбард "Аврора" - мурда берилген лицензия чакан өлчөмдөгү мүлктөн ири өлчөмдөгү мүлккө кайра чыгарылды.
  • "Мамлекеттик ипотекалык компания" ААК — акциялардын 17-чыгарылышы мамлекеттик каттоодон өттү.
  • Frigate Luxembourg S.A. — облигациялардын проспектин мамлекеттик каттоодон өткөрүлдү.