GIZ Кыргызстандагы жашыл экономиканы каржылоого даяр

9 февраля 2023, 10:28

Экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов менен Германиянын Эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) өлкө боюнча директору Виктор Вецел менен жолукту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Сейитов жүргүзүлүп жаткан социалдык-экономикалык реформалар жана өлкөнү өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү улуттук программасын ишке ашыруунун жүрүшү, ошондой эле министрликтин көзөмөлдөгөн багыттары, кабыл алынган программалар жана стратегиялар тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле аймактарды өнүктүрүү, соода, транспорт коридорлору, жашыл экономика, өзгөчө аз көмүртектүү транспорт маселелери талкууланды.

Өз кезегинде Вецел GIZ жашыл экономиканы өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө даярдыгын, ошондой эле 2024-жылдан тарта аймактык сооданы өнүктүрүү боюнча жаңы долбоорду ишке ашырууну жарыялады.

Мындан тышкары, түрдүү тармактарда кызматташуу жана учурдагы долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.