Бишкекте кымбат баалуу алкоголдук ичимдиктер мыйзамсыз сатылган

7 сентября 2021, 16:14

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Кыргызстандын аймагына ташылып келип, борборго жана Чүй облусундагы ири соода түйүндөрүнө мыйзамсыз сатылган алкоголдук продукциянын контрабандасынын туруктуу каналын аныктады.

4-сентябрда Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Сары-Жон айылындагы кампалардын биринен 10 миңге жакын ар кандай аталыштагы элиталык алкоголдук, анын ичинде жасалма акциздик маркалары бар бөтөлкөлөр табылды. Контрабандалык жүктүн жалпы баасы болжол менен 10 миллион сомду түзөт. Бишкектеги соода түйүндөрдө бул алкоголдук ичимдиктер миңден үч миң сомго чейин бааланат.

Учурда мамлекетке келтирилген зыян такталууда, алкоголдук ичимдиктерди мыйзамсыз алып кирүүгө жана сатууга мамлекеттик кызматкерлердин катышуусун аныктоо иштери жүрүп жатат.