АКШ долларын жасаган көмүскө кеңсе аныкталды

14 октября 2021, 16:01

АКШ долларын жасалмалоого шектелген кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ушул жылдын 13-октябрында шектүүнүн кеңсесиңде тиңтүү жүргүзүлүп, 100 доллар номиналындагы 4600 АКШ доллары табылган.

Учурда бул иш боюнча соттук-техникалык экспертиза дайындалды. Кармалган жаран жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда бардык жагдайларды аныктоо жана күнөөлүүлөрдү кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча керектүү чаралар көрүлүүдө.