Кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалардын кезеги пайда болду

1 июня 2023, 14:44

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде унаалардын кезеги пайда болду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, чек арадагы өткөрмө бекеттер штаттык режимде иштеп жатат, кезектин пайда болушу азык-түлүктөрдү сыртка ташуунун көлөмү көбөйгөнүнө байланыштуу.

"Кыргыз-казак чек арасындагы башка өткөрмө бекеттеринде кезек күтүүлөр байкалган жок", - деп айтылат маалыматта.