УКМК Чүй облусунун экс-губернаторунун мүлкүн 250 млн сомго баалады

21 сентября 2021, 08:56

УКМК өкмөттүн Чүй облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимовдун мыйзамсыз баюу фактысын аныктады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Тергөөнүн жүрүшүндө Абдраимов мамлекеттик жетекчи кызматтарды ээлеп, мүлкүн мыйзамсыз көбөйткөнү, бул анын расмий кирешесинен бир нече эсе ашып кеткени аныкталган. Мыйзамдаштыруу максатында, ал Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн кымбат объектилерин алган, ошондой эле бир катар коммерциялык банктарда финансылык инвестицияларды салган. Ошол эле учурда кылмыш жоопкерчилигинен качуу үчүн бул активдер башка адамдардын атына катталган.

Туйгунаалы Абдраимовдун жана анын жакын туугандарынын мүлкү 250 миллион сомдон ашык акчага бааланды.