УКМК коррупцияга каршы күрөшүү боюнча атайын эсепке 19.8 млн. сом которду

17 сентября 2019, 14:50

УКМК бирдиктүү депозит эсепке 19.8 млн. сом которду. Бул тууралуу аталган комитеттин басма сөз кызматы билдирди. 

УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча атайын эсепке которгон акча каражатынын жалпы суммасы 303.6 млн. сомду түзөт. 

Эске сала кетсек, Каржы министрлиги алдында атайын эсепти ачуу чечими 2018 – жылдын жай айында кабыл алынган.  Ага коррупциялык кылмыштардан өндүрүлгөн каражаттар которулуп турат.