УКМК Өмүрбек Бабановду кармады

31 мая 2021, 16:19

УКМК экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановду кармады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Бабанов суракка “Кумтөр” кенин иштетүү боюнча долбоордун ар кандай баскычтарында коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында чакырылган.

"Тергөө амалдарынын жүрүшүндө алынган далилдердин негизинде, 2021-жылдын 31-майында, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү (коррупция) боюнча кылмышка шектелип, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов кармалды", деп айтылат маалыматта.