УКМК Министрлер кабинетинин төрага орун басарынын кеңешчисин кармады

16 мая 2022, 13:43

УКМК тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошевдин кеңешчиси кармалды.

Маалыматка ылайык, өкмөткө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын экс-жетекчиси Ы.Т.К. пара алуусу боюнча кылмышка шектелүүдө.

Буга чейин, 2016-жылы Башкармалыктын мурдагы жетекчиси Ы.Т.К. чет элдик ишкер С.С.дан эшектерди Кытайга алып чыгууга уруксат берүү маселесин чечип берерин убада кылып, 70 миң доллар өлчөмүндө акча каражатын алган. Ошол эле учурда С.С. аттуу ишкерге уруксат документтерин көрсөтүшкөн эмес жана акчасын кайта кайтарып берген эмес.

Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси (пара алуу) боюнча кылмыштардын негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталды.

2022-жылдын 14-майында КР УКМК тарабынан каражаттардын бир бөлүгүн С.С. аттуу ишкерге кайтарып берүү учурунда пара менен Ы.Т.К. кармалган.

Учурда бул кылмышты жасоого катыштыгы бар адамдарды аныктоого багытталган комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.