«Бакай Банктын» жетекчиси компаниядагы үлүшүн көбөйттү
"Бакай Банк" ААКтын Директорлор кеңешинин төрагасы Сергей Ибрагимов банктагы үлүшүн көбөйттү. Мындай маалыматты Кыргыз фондулук биржасы билдирди.
Алсак, эгер мурда ага 41,7 миллион акция (70,8%) таандык болсо, өзгөртүүдөн кийин уставдык капиталдагы үлүшү 71,3%га чейин өскөн. Акциялардын саны 42 миллион 64 миң 566 даана болду.
Өзгөртүүлөр 28-февралдан тарта күчүнө кирди.