Орусиядагы дипломатиялык өкүлчүлүктүн башчысы бир эле убакта Армениядагы элчи болуп дайындалды
Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Армениядагы элчи болуп дайындалды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Элчинин резиденциясы Москвада жайгашкан.