Еврокеңештин президенти Кыргызстанга келет

1 июня 2023, 11:08

Ушул жылдын 1-июнунда Европа Кеңешинин президенти Чарльз Мишель "Европа Биримдиги - Борбор Азия" экинчи саммитине катышуу үчүн Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарына келет.

“Европа Биримдиги - Борбор Азия” саммити Борбор Азия жана ЕБ өлкөлөрүнүн лидерлерин чогултуп, Борбордук Азия менен ЕБ ортосундагы аймактык кызматташтыктын келечегин, ошондой эле аймактык жана эл аралык иш-чараларды талкуулайт.

Саммитке Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Нурмухаммет Аманнепесов катышат.

Сапардын алкагында Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель Борбор Азиянын лидерлери менен эки тараптуу жолугушууларды да өткөрөт. Ошондой эле, 3-июнда Кыргызстанга расмий иш сапарынын өзүнчө программасы күтүлүүдө, анын алкагында президент Садыр Жапаров менен жолугушат. Тараптар эки тараптуу мамилелердин абалын жана келечегин талкуулашат.