Экономика министринин жаңы орун басары дайындалды

8 декабря 2023, 09:48

Экономика министринин жаңы орун бары болуп Санжар Болотов дайындалды. Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. 

Эскерте кетсек, Санжар Болотов 2021-жылдан бери Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун жетекчиси болуп келген. 

“Анын бир топ тажрыйбасы жана кадыр-баркы бар, ал Экономика министрлигинде инвестициялык саясат жана МЖӨ бөлүмүндө башкы адис, инвестиция жана МЖӨ бөлүмүндө башкы адис, өкмөттүн экономика жана инвестиция бөлүмүндө эксперт болуп иштеген. Президенттик аппаратын стратегиялык өнүктүрүү саясаты, экономика жана финансы бөлүмүнүн эксперти, Улуттук инвестициялык агенттиктин алдындагы МЖӨ борборунун директору”, - деп белгиледи Экономика министрлиги.