Салык кызматынын башчысы кесиптештеринин ишин сынга алды

11 сентября 2019, 12:40

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев салык жана камсыздандыруу салымдарынын башкаруу ишин күчөтүүнү талап кылды. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы билдирет. 

Төрага бирдиктүү салык төлөөчүлөрдүн башкаруу органдарынын ишин берилген убакытта бүтпөй жаткандыгы үчүн сынга алды. 

Аймактык салык башкармалыгына келишимдин негизинде иштеп жаткан ж.б комплекстүү иштерди текшерүүгө 2 ай убакыт берилгендигин жана  борбордук аппарат келишим түзүүдөгү эрежелерди көзөмөлгө алып туруу керек экендигин айтты. 

Андан сырткары, Абдалиев бардык тойкана жана ашканаларда салык боюнча келишимбардыгына мыйзамга ылайык түзүлбөй жаткандыгын баса белгиледи.