Министрлер кабинетинин башчысы Ысык-Көл облусуна иш сапары менен барды

6 августа 2021, 10:20

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Ысык-Көл облусунда иш сапары менен жүргөнүн өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Марипов селден жабыркаган аймактарды кыдырат, Чолпон-Ата шаарындагы тазалоочу курулмалардын абалы ошондой эле, бир катар ишканалардын жана Каракол шаарындагы зоопарктын иши менен таанышат.