Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынтыгы айтылды

26 августа 2022, 12:59

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын жыйынтыгы боюнча Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирүү жасады.

“Евразия экономикалык комиссиясынын алгылыктуу ишин белгилегим келет. Жолугушуунун жүрүшүндө биз Евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясын түзүү боюнча келишимдин долбоорун карап чыктык жана талкууладык”, - деди өкмөт башчы.

Маалым болгондой, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкүлдөрү төмөнкү маалыматтарды укту:

  • Евразия экономикалык биримдигинде өнөр жай кооперациясын каржылоо жөнүндө;
  • Евразия экономикалык биримдигинин алкагында алкоголдук продукция рыногун жөнгө салуу боюнча макулдашуунун долбоорунун үстүндө иштөө жөнүндө;
  • Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин транспорт чөйрөсүндөгү артыкчылыктуу интеграциялык инфраструктуралык долбоорлордун тизмеси жөнүндө.

Өкмөт башчылары тиешелүү буйруктарга жана чечимдерге кол коюшту.

“Бүгүнкү жолугушуунун жыйынтыгы Евразиялык интеграциянын бардык катышуучуларына пайда алып келет жана биздин өлкөлөрдүн жарандарынын жашоо сапатын жакшыртууга жардам берет деп ишенем”, - деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров.