Премьер-минитср иш сапар менен Финляндияга барат

24 сентября 2019, 13:05

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жакын арада иш сапары менен Финляндияга барат. Бул тууралуу КР ТИМ Чыңгыз Айдарбеков менен Финляндиянын тышкы соода министри Вилли Скиннер менен болгон жолугушууда билинди. 

Эки тарап биргелешкен кызматташтык, өнүгүү, парламенттер аралык байланыштар, тоо-кен казуу иштеринде экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, гидроэнергетика, электр энергияны кайра жандандыруу, жашыл экономика жаатында  өз ара пайдалуу кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. 

ТИМдин башчысы Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн Финляндиянын алдыңкы компаниялары менен мамилени бекемдөө жана тажрыйба алмашуулардуу жургүзүү керек деп билдирди.