Өкмөт башчы потенциалдуу донорлор менен Кыргызстандын өнүгүүсүн талкуулады

6 апреля 2023, 09:14

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров аймакка жасаган жумуш сапарынан кийин видеоконференция режиминде бир катар  эл аралык сүйлөшүүлөрдү жана жумушчу жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Алдыңкы банктык корпорациялардын, инвестициялык фонддордун жана консалтингдик фирмалардын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы экономиканы өнүктүрүү боюнча улуттук долбоорлорго инвестиция тартуу болду.

Анын маектештери аларды өлкөнүн динамикалуу өнүгүп жаткан экономикасы жана эл аралык инвестициянын олуттуу көлөмүн өздөштүрүү боюнча республиканын потенциалынын кыйла жогорулаганы кызыктырып жатканын белгилешти.

Акылбек Жапаров “акыркы эки жылда Кыргыз Республикасы өнүгүүгө карай туруктуу багыт алды” деп билдирди.

Видеоконференцияга катышкан тараптардын ар бири менен жакынкы апталарда жеке жолугушуу форматында сүйлөшүүлөрдү улантуу боюнча макулдашууга жетишилди.