Өкмөт башчы долбоорлорду ишке ашырууда алардын сапатын текшерүүнү талап кылды

5 декабря 2019, 14:20

Долбоорлорду ишке ашырууда аларды сапаттуу даярдоо маанилүү роль ойнойт. Бул тууралуу Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңеште Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев айтты.

«Тигил же бул долбоорлорду иштеп чыгууда жооптуу адамдар тарабынан комплекстүү мамиле жок. Бир нече жылда аягына чыга турган долбоорлор 5 жылдан ашык убакытка созулуп жатат. Долбоордук-сметалык документация даяр эмес, а бирок ратификациянын маанилүүлүгү каралып жаткан учурлар кездешет. Бардыгын эрежеси менен жасаган учурлар бар. Бирок кийин 2-3 жыл мурда бүткөн объекттер өз убагында сапатсыз аткарылган иштин айынан кайра каражат салууну талап кылып жатканы анык болот», - деп белгиледи Премьер-министр.

Муну менен бирге Өкмөт башчы бир нече объектти текшерет, анын сапаты боюнча тиешелүү ведомствонун кызматкерлеринин ишине баа берилип, ээлеген кызматына ылайык келери каралат.