КР менен АКШнын элчилери Ташкентте жолугушуп, Кыргызстанга коюлган чектөөлөр боюнча сүйлөшүштү

4 февраля 2020, 09:42

2020 - жылдын 3-февралында Ташкент шаарында КР Тышкы иштер министри Ч.Айдарбеков АКШнын Мамлекеттик катчысы М.Помпео менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. 

КР менен АКШнын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү жолдору, анын ичинде, КР жарандарына карата АКШ тарабынан киргизилген визалык чектөөлөрдү жокко чыгаруу боюнча биргелешкен кадамдар талкууланды. Америкалык тараптын жогоруда айтылган чечими түздөн-түз КР жарандарынын кызыкчылыгын козгоп жаткандыгын Министр Ч.Айдарбеков дагы бир ирет баса белгиледи. 

Жолугушууда кыргыз тарап, биометриялык паспорттор дагы киргизиле элек 80ден ашык өлкөнүн ичинен, тандалып бир нече мамлекеттерге, анын ичинде Кыргызстанга карата гана чектөөлөр киргизилгендигине кыргыз тарабы таң калуусун билдирди.

«Бул КР ийгиликтүү өнүгүп жаткан парламенттик демократияны, сөз эркиндигин өнөктөш катары колдоо түшүнүгүнө туура келбейт», - деп билдирди Айдарбеков. 

 
Кыргызстан эл аралык коопсуздукту камсыздоо боюнча процесстердин активдүү катышуучусу болуп саналарын, ошондой эле терроризм менен күрөшүүгө өзүнүн өзгөчө салымын кошуп келгендигин жана кошуп жаткандыгын Министр Ч.Айдарбеков баса белгиледи. 

Бул багытта тыгыз өз ара аракеттенүүнү күчөтүү жана түзүлгөн абалды чечүүнүн жолдорун издөө жөнүндө сүйлөшүү жетишилди.

Тараптар эки жана көп тараптуу форматтардагы кыргыз-америка мамилелеринин бардык комплексин өнүктүрүү маанилүүлүгүн баса белгилешти.