Экономика министрлиги көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу боюнча билдирди

30 августа 2022, 14:01

Көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, салык саясатын туура жүргүзүүнүн натыйжасында бюджет акырындык менен толукталып жатат.

“Буга жылдын башында жаңы Салык кодексинин кабыл алынышы түрткү болду. Учурда 400 миллиард сом өлчөмүндө салыктык базаны киргизүүнүн үстүндө иштеп жатабыз”, -  деди министр.