Улуттук банктын башчысы German Sparkassenshtiftung делегациясы менен жолугушту
Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов 14-сентябрда German Sparkassenshtiftung (Германиянын эл аралык кызматташтык фонду) уюмунун расмий добушу менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
"Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстанда чакан жана орто бизнес секторун чыңдоого жардам берүү" долбоорунун алкагында калктын финансылык сабаттуулугу жаатында биргелешкен кызматташууну талкуулашты.
Долбоор айыл калкынын финансылык кызматтарга жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, кирешелердин өсүшүн стимулдаштыруу жана максаттуу коргоону (туруктуулукту) камсыз кылуу үчүн финансылык жана ишкердик сабаттуулугун жогорулатуу максатында Улуттук банк тарабынан Германиянын эл аралык кызматташтык фондунун колдоосу менен ишке ашырылууда.